Өлкөдө “балага сүйүнчү” пособиесин берүү жанданды. Бул тууралуу novosti.kgге Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, январдын башынан бери 18 миң ымыркайдын ата-энесине жалпысынан 70 миллион сомдон ашык берилди. Эске салсак, өтүп кеткен жылдын декабрында улуттук маалымат базасы жаңыртылгандыктан, каражат берүү убактылуу токтотулган. Үй-бүлөдө бала төрөлгөндө мамлекет тарабынан 4 миң сомдук бир жолку сүйүнчү жөлөк пулу берилет.
Эгер үй-бүлөдө бир учурда 3 же андан көп бала төрөлсө, ар бирине 50 миң сомдон каралат.