Кыргызстанда доллар жетишсиздиги жок

Кыргызстанда доллар жетишсиздиги жок. Буга Улуттук банктын адиси Эрлан Абдраимов ишендирди. Анын айтымында, өлкөдө доллар жетиштүү өлчөмдө бар жана ички валюталык рынокто абал туруктуу.

 

Адис белгилегендей, акча алмаштыруучу жайлар сырткы тактада көрсөтүлгөн курс менен гана жарандарга валютаны сатууга укуктуу. Эгер өзгөртүүлөр катталса, кыргызстандыктар Улуттук банкка кайрылышы керек.