Токтогул ГЭСи кадимки режимде иштеп жатат

Токтогул ГЭСи кадимки режимде иштеп жатат.

 

Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Андан белгилешкендей, учурда 4 агрегаттын бири ремонтто. Энергетиктер зарыл тетикти Кытайдан күтүп жатат.

 

Ал кышка чейин ишке кирет деп пландалууда.

 

Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычында  11 миллиард кубометр нымдуулук бар. Учурда суу иштелип, сактагычтан  чыгарылып жатат. Ведомстводон эске салышкандай, өлкө 1-июндан 1-сентябрга чейин Өзбекстан жана Казакстанга буга чейин алган электр энергиясын кайтарып берет.