Өлкөдө доллардын баасы 100 сомдон ашты.
Ушул тапта коммерциялык банктар жана менчик акча алмаштыруучу жайлары 1 АКШ долларын 102 сомдун тегерегинде сатууда.
Ал эми Улутук банк тарабынан расмий орнотулган курс – 97 сом 69 тыйын.
Белгилеп кетсек, өлкөнүн башкы каржы мекемеси жыл башынан бери төрт жолу интервенция жасап, 200 миллиондон ашуун долларды валюта рыногуна чыгарды.
Акыркы жолу 4-мартта 55 миллион доллар сатылган.