Кыргызстан калкынын саны 7 миллион адамдан ашты

Кыргызстан калкынын саны 7 миллион адамдан ашты. Жылдын башына карата маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү. Ведомстводон белгилешкендей, 2022-жылдын башына карата көрсөткүч 125 миң адамга көбөйдү.

 

Эң чоң өсүш Ош, Бишкек шаарларында жана Баткен облусунда катталса, эң азы Ысык-Көл, Нарын аймактарында.

 

Кыргызстан КМШ мамлекеттери арасында калкынын саны кыскарган эмес, тескерисинче, көбөйүп жаткан өлкө болуп эсептелет, — дешти Статкомдон.