Өлкөнүн башкы магистралдары кыймылга ачык, тыгындар жок

Өлкөнүн башкы магистралдары кыймылга ачык, тыгындар жок. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында түндөн бери кар жаап жатат, жолчулар трассаларды улам тазалап, инерттүү материалдар себилүүдө.

 

Алыскы сапарга чыга турган айдоочулар дөңгөлөктөрүн сөзсүз кышкыга алмаштырып, тайгактыкка каршы шаймандарды жанына ала жүрүшү керек. Унаалар ортосунда тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо кажет.