Таласка видеокөзөмөл камераларын сатып алууга 12 млн сом жумшалат

Талас облустук ички иштер башкармалыгы видеокөзөмөл камераларын сатып алууга тендер жарыялады.

 

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, долбоордун жалпы суммасы 12 миллион 72 миң сомду түзөт.

 

Бул каражатка Таласта “Коопсуз аймак” долбоорун ишке ашыруу үчүн видеокөзөмөл камераларын, компьютерлерди жана башка жабдууларды алуу пландалууда.