Өлкөнүн тоолуу тилкелеринде 7 жылынып алуучу жай иштеп жатат

Өлкөнүн тоолуу тилкелеринде 7 жылынып алуучу жай иштеп жатат.

novosti.kgге өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей,

чатырлар Бишкек – Ош унаа жолундагы “Сосновка” жана “Арал” өткөрүү

түйүндөрүндө, ошондой эле Суусамыр — Талас – Тараз трассасындагы

Талды-Булак түйүндө, андан тышкары Ысык-Көл облусундагы жолдордо

4 түйүн иштеп жатат. Эске салсак, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында

кардын катуу жааганынан улам унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилди.

Аба-ырайы турукташкандан кийин кыймыл кайрадан жанданат.