Маданият кызматкерлеринин маянасы кайра каралат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы мекемелердин жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

 

Жыйындын жүрүшүндө Президенттин «Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу маселелери талкууланды. Жарлыкка ылайык, маданият, искусство жана спорт тармагына 673 млн 515 миң сом бөлүнгөн.

Жапаров бөлүнгөн акча тарыхый-маданий мурастарды сактоого, профессионал искусствону өнүктүрүүгө, маданият жана искусство уюмдарынын адистик деңгээлин жогорулатууга, материалдык-техникалык, ченемдик-укуктук базасын жакшыртууга жумшалат.

 

Ошондой эле Минкаб төрагасы каражатты максаттуу бөлүштүрүү зарылдыгын кошумчалады.

 

«Өткөн жылдын апрель айында маданият кызматкерлеринин маянасы 100%га көтөрүлсө, кийинки жылы аларды кайра кароо пландалууда. Эң негизгиси, мамлекеттик колдоо, анын ичинде театр, музыкалык искусство жана маданий билим берүү  чөйрөсүндөгү кырдаалды өзгөртө алат. Бул багыттагы чечимдер ыкчам, эң негизгиси, натыйжалуу кабыл алынышы керек», – деген Акылбек Жапаров.