БШКда жаңдоо тили менен түз байланыш номери уюштурулду

БШКнын CALL-борборунда 0996-550-011-255 вотсап номеринде угуусу жана сүйлөөсүндө кемчилиги бар шайлоочуларды маалыматтык жактан камсыздоо максатында жандоо тили менен видео байланыш иштей баштады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайты жарыялады.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеӊешинин депутаттарын аралаш тутум боюнча шайлоо, добуш берүү, үгүт жүргүзүү тартиби тууралуу маалымат алууга, шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн текшерүү жана башка зарыл болгон маалыматтарды тактаса болот. 0996-550-011255 WhatsApp номери күндүзү саат 9.00дөн 13.00гө чейин иштейт. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 56сы партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. 29-октябрь күнү үгүт иштери башталды