Иммунитетти бекемдөөгө жардам берген азыктар аталды

Иммунитетти бекемдөөгө жардам берген азыктар аталды. Иммунолог дарыгер Елена Парецкаянын айтымында, организмдеги йоддун запасы ден-соолукту чыңдоого жардам берет.

 

Алсак клюква, кулпунай, кара өрүк, креветка, балык, үндүк, картошка, буурчак жана балыр йодко бай. Организмде йоддун жетишсиздиги уйкусуроо, кыжырдануу, кан басымдын көтөрүлүшү, көкүрөктөгү ыңгайсыздык, баш оору, табиттин төмөндөшү, чачтын түшүп, тырмактын жукарышы жана башка белгилерге алып келет.