Май айында кыргызстандык мигранттардын которуулары кескин көбөйдү

Май айында кыргызстандык мигранттардын которуулары кескин көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Андан такташкандай, чет жакта иштеген жарандар өлкөгө 165,3 миллион доллар жөнөттү.

 

Кеп, атайын система аркылуу салынган акча тууралуу болуп жатат. Майдагы акча которуу быйылкы жылдын мыкты көрсөткүчү. Бул башка мамлекеттерде май айында карантиндик чектөөлөр алынып, ишкерлик жанданганына байланыштуу, — дешти өлкөнүн башкы каржы мекемесинен.