«Кумтөр» боюнча экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талант Узакбаев кармалды

Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Исхак Пирматов менен Талант Узакбаев Кумтөр долбоорун ишке ашырууда коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

«Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоордун ар кандай баскычтарында коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ведомстволор аралык тергөө тобу ушул кылмыш ишине тиешеси бар адамдардын катышуусунда тергөө иш-аракеттерин улантууда. 2021-жылы 31-майда бир катар тергөө иш-аракеттеринен кийин Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө («Коррупция») каралган кылмышка шектелип Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Исхак Пирматов жана Талант Узакбаев кармалды», — деп айтылган таратылган маалыматта.

Эске салсак, бүгүн, 31-майда, Кумтөр долбоорун ишке ашырууда коррупциялык ишке барган деген шек менен Өмүрбек Бабанов кармалган эле.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымат берип турарын кошумчалаган.