Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинде коррупциялык схема аныкталды

Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинде коррупциялык схема аныкталды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, Турак жай-жарандык

курулуш департаментинин жетекчилик кызматындагы адамдар материалдык кызыкчылыкты көздөп,

Жеке курулуш компанияларга мамлекеттик буйрутмаларды аткарууга мүмкүнчүлүк берип,

анын ордуна акча алып турушкан. Иликтөөнүн алкагында агенттиктин жогорку кызматтагы

адамдары курулуш компаниянын өкүлдөрүнөн 1 миллион 400 миң сом алганы аныкталды.

Экөө тең УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.