Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, мамлекеттик башкы санитардык дарыгер болуп Нурболот Үсөнбаев дайындалды. 58 жаштагы Үсөнов буга чейин Карантиндик инфекция бонча республикалык борбордун жетекчисинин орун басары болуп иштеген.
Буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Буга чейинки башкы санитардык дарыгер Төлө Исаков өз каалоосу менен кечээ кызматтан кетти.