Кыргызстандын альпинисттери  Гималайдагы Манаслу чокусуна чыгуу ниетинде

Кыргызстандын альпинисттери  Гималайдагы Манаслу чокусуна чыгуу ниетинде. Бул тууралуу өлкөнүн Альпинизм жана тоого чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов билдирди.

 

Ал белгилегендей, буга чейин кыргызстандыктар Гималайга  экспедицияга барган эмес. эмес. Непал бийлиги спортчулардын демилгесин жакында эле жактырышты. Экспедиция 7-сентябрда старт алат, топко  7 киши кирет. Кошумчаласак, Манаслу тоосунун бийиктиги 8 миң 163 метрди түзөт.