Бишкек көчөлөрүн кардан арылтуу уланууда. Бүгүн таң атпай ордо калаа көчөлөрүнө 300 тоннадан ашык техникалык туз себилди.
Иштерге 30 атайын техника тартылды. Штаттык режимде кар тазалоого 600 кызматкер чыгарылды, — дешти “Тазалык” муниципалдык ишканасынан.