Кайгуул милиция кызматын аймактарда түзүү үчүн 456 миллион сом жумшалат

Кайгуул милиция кызматын аймактарда түзүү үчүн 456 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында,  бул максатта токтом долбоору иштелип жатат.

 

Алгач жаңы кызмат Ошто андан кийин Кыргызстандын облустук борборлорунда иштеп баштайт. Эске салсак, кайра түзүлгөн Кайгуул кызматы Бишкекте 31-декабрда пайда болду. Анда 454 кызматкер эмгектенүүдө.