Бишкекте МЖӨ долбоорунун алкагында күрөш залы курулууда

Бишкекте мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында күрөш залы курулуп жатат. Аталган борбордун маалыматына караганда, инвестициянын көлөмү 400 миң долларды түздү.

 

Залдын ачылышы келерки жылдын жаз айларына белгиленген. Ал ишке киргенден кийин эркин күрөш боюнча республикалык деңгээлдеги мелдештер өтөт.