Мамлекеттик программа аркылуу 400дөн ашык адам бала бакча ачкысы келет

Мамлекеттик программа аркылуу бала бакча ачууну каалаган 400дөн ашуун адамдан арыз түштү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

 

Программа мектепке чейинки билим берүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу, аны жеткиликтүү кылуу жана ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүү максатында түзүлгөн.

 

Ага ылайык, Бишкектеги мектептердин аймагында жума сайын 20-25 каалоочу окутулууда. Аларга өкмөт тарабынан коюлган минималдуу талаптар тууралуу маалымат берилет. Сабактарды министрликтердин өкүлдөрү өтүшөт.

 

Ал эми бала бакчалар жеке үйлөрдө уюштурулат. Аны ачууну каалагандар арыз берип, окуудан өтүшү керек.