Бишкектин жанындагы жаңы стадиондун курулушу быйыл башталат

Бишкектин жанындагы жаңы стадиондун курулушу быйыл башталат. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков билдирди.

 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө бөлүнгөн участоктун документтерин тариздөө процедуралары аяктап жатат. Долбоор боюнча спорттук жай 22-25 миң кишиге ылайыкташат.

 

Эске салсак, өкмөт буга чейин Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айылында орун ала турган стадионго дээрлик 21 гектар жер бөлүнгөнүн билдирген.