Францияда кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды

9-декабрда Париждин борборундагы 55 Bellechasse арт галлереясында кыргызстандык сүрөтчүлөр Айып Алакунов жана Кыял Аккүчүкованын сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Көргөзмөгө эки сүрөтчүнүн түрдүү жанрдагы картиналары коюлган. Иш-чара Кыргызстандын Франциядагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулуп, “Айтыш” коомдук фонду менен кинорежиссёр Айбек Дайырбеков колдоо көрсөткөн. Көргөзмөнүн авторлорун эл аралык эксперттер сынак аркылуу тандаган.

Саамалык 18-декабрга чейин уланат.

Айып Алакунов 1978-жылы 1-январда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айылында туулган. 1998-жылы С.Чуйков атындагы сүрөт окуу жайын аяктаган. 2003-жылы Т.Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясын бүтүргөн. 2007-2010-жылдары ушул эле академиянын аспирантурасынан окуган. Окуу жайды аяктагандан бери аталган академиянын коллежинде сабак берет. Эл аралык жана республикалык сүрөт көргөзмөлөрүнүн бир нече жолку катышуучусу. Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө жеке көргөзмөлөрү өткөн.

Кыял Аккүчүкова 1988-жылы 22-январда Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарчасында туулган. 2007-жылы Т.Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясынын скульптура бөлүмүн бүтүргөн. 2007-2008-2015-жылдарда республикалык сүрөт көргөзмө-сынагында 1-орунга татыган. 2012-жылы аталган академиянын графика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Республикалык жана эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнүн бир нече жолку катышуучусу.