Кыргызстанда дагы 261 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 261 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 78, Ошто 38, Чүйдө 63, Таласта 6, Нарында 4, Ысык-Көлдө 39, Жалал-Абадда 9, Баткенде 24 бейтап ооруканадан чыгарылды.

 

Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 73 миң 561ди түздү.