Кыргызстанга “Спутник V” вакцинасынын биринчи партиясы келди

Кыргызстанга “Спутник V” вакцинасынын биринчи партиясы келди. Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, түндө вакцинанын 10 миң дозасы жеткирилди.

 

Препарат 5 миң адамга эсептелет. Ошондой эле, ушул жуманын аягында кытайлык “Синофарм” вакцинасынын партиясы келет деп күтүлүүдө.