Быйыл 160 миңге жакын бала 1-класска барат.
Бул тууралуу Novosti.kgге Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомстводон эскертишкендей, өлкө боюнча биринчи класска кабыл алуу электрондук каттоо системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 2 миңге жакын мектеп бар.
Окуу жылы быйыл 1-сентябрда башталат.