Мектептердеги ата-энелер фондун көзөмөлдөө үчүн сайт ишке кирет

Мектептердеги ата-энелер фондун көзөмөлдөө үчүн сайт ишке кирет.

Бул тууралуу Билим берүү министринин кеңешчиси Расул Абазбек бизге кабарлады.

Анын айтымында, mektep.edu.kg деп аталган сайтта финансылык каржылоо бөлүмү бар.

Ал жерде бюджеттик жана бюджеттик эмес каражаттардын кайсы максатта сарпталып

жаткандыгы боюнча маалымат жеткиликтүү болот. Кошумчаласак,

тиешелүү министрдин фондундагы каражатка мектеп администрациясы

аралашпашы керек, деген буйругу чыккан. Аталган система

фонддун ишинин ачыктыгын камсыздайт.