Месут Озил эми “Фенербахчеде” ойнойт

Месут Озил эми “Фенербахчеде” ойнойт. Германия курамасынын жарым коргоочусу, 32 жаштагы футболчу Месут Озил Англиянын “Арсенал” клубунан Түркиянын “Фенербахче” клубуна өттү. Футболчу стамбулдук клуб менен 3,5 жылга келишим түзүп, жылдык маянасы 5 миллион евро деп белгиленди.

 

“Арсеналда” Месут Озил жалпы 254 оюн өткөрүп, 44 гол киргизип, 77 жолу голдук пас чыгарып берген.