Кыргыз-өзбек биргелешкен унаа заводунун курулушу 2024-жылдын биринчи жарымында башталат

Кыргыз-өзбек биргелешкен унаа заводунун курулушу 2024-жылдын биринчи жарымында башталат. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди.

 

Анын айтымында, “Алтын-Тулпар” унаа чогултуучу заводдун долбоору дээрлик даяр болду.

 

Анда машиненин 12 үлгүсү чыгарылат деп күтүлүүдө. Макулдашууда заводду куруу үч этапта иштей турганы, алгач 500 жумуш ордун түзүү менен 10 миң даана унаа чыгаруу каралган. Кийинки этапта жумуш орундарын көбөйтүп, унааны чыгарууну 30 миңге жеткирүү жазылган.