Бүгүн, 19-ноябрда саат 07:01де Кыргызстандын аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
КРнын сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Ачык-Суу айылынан
батышка карай 6 чакырым, Жар-Башы айылынан түштүк-чыгышты карай 28 чакырым, Кызыл-Кыя
шаарынан түштүк-чыгыш карай 90 чакырым аралыкта жайгашкан. Кыргызстандын калктуу конуштарында
жер титирөөнүн күчү Ачык-Суу айылында 3 баллга жакын, Кабык айылында 2,5 баллга жакын сезилген.