КТРКнын макамын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда колдоду

КТРКнын макамын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда колдоду.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын статусун «улуттукка» өзгөртүүгө 83 депутаттын 77си макул болсо, алтоо каршылыгын билдирди.

Эске салсак, мыйзамды министрлер кабинети демилгелеген.

Анда КТРКны Улуттук телерадиоберүү корпорациясына өзгөртүү, облустук телеканалдарды бириктирүү жана Байкоочу кеңешти жоюу сыяктуу өзгөртүүлөр каралган.