Монголиянын Кыргызстандагы алгачкы элчиси ишке киришти

1160921 21.06.2012 Флаг Киргизии на здании посольства Киргизии в Москве. Алексей Ничукин / РИА Новости

Монголия Кыргызстандагы Башкы консулдугун элчилик кылып кайра түзгөндөн бери алгачкы элчисин Бишкекке жөнөттү. 28-октябрда бул өлкөнүн элчи кызматындагы дипломат өкүлү Ганхуяг Содном тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министри Руслан Казакбаевге ишеним грамоталарын тапшырды.

Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгынын азыркы абалы жана келечеги талкууланды.

Министр Казакбаев Монголия өкмөтүнө Кыргызстанда элчилик ачуу тууралуу чечимине ыраазычылык билдирип, жакынкы арада Кыргызстан да Монголияда элчилигин ачууну пландап жатканын белгиледи. Ганхуяг Содном монгол тарап Улан-Батор шаарында Кыргызстандын элчилиги эртерээк ачыларына үмүт артарын айтты.

Эки дипломат өлкө жетекчилеринин иш сапарларын уюштуруу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү зарылчылыгын айтышты.

Кыргызстан менен Монголия ортосунда дипломатиялык мамиле отуз жыл мурда түзүлгөн.

Монголиянын Бишкектеги Башкы консулдугу 2019-жылы президентинин катышуусу менен элчилик болуп ачылган.

Бул өлкөнүн президенттери Бишкекке 2012-жылы жана 2019-жылы келип кетишкен.

Кыргызстан тышкы саясатында 160тан ашык мамлекет менен кызматташат.