Эртең ордо калаадагы эки эс алуу багында экологиялык акция өтөт.
Иш-чара «Ынтымак» жана Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил
бактарда уюштурулат. Акцияга катышууну каалагандар 3 киллограм
макулатура же 5 даана желим бөтөлкө алып барып, 1 даана көчөт алып тиге алат.
Ушул эле күнү сейил бактарда макулатура жана желим калдыктарды кабыл алуу
түйүндөрү уюштурулат. Иш чара “Бир жарандан — бир көчөт”
акциясынын алкагында өтөт.