Премьер-министр Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна барат.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, Боронов 21-22-августта социалдык объектилердин абалы жана
аларды куруу иштери, «Таза суу» долбоору жана күзгү оруп-жыюу жумуштарынын жүрүшү менен таанышат.
Өкмөт башчы мындан тышкары, Каракол шаарындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу жана
Чолпон-Атадагы Ысык-Көл райондук ооруканасынын оңдоо иштерин көрүп кайтат.