Араван районундагы Мангыт айыл аймагында жаңы оорукана ачылды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, медициналык жайдын курулушу 2012-жылы башталып, быйыл гана аяктады.
Долбоор боюнча стационар 50 орунга ылайыкталган. Анда физиотерапия, диагностика, лабораториялык бөлүмдөр жана Тез жардам кызматынын станциясы бар. Курулушка каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.