Францияда карантинден улам 4 ай жабык турган Диснейленд ишин жандантат

Францияда карантинден улам 4 ай жабык турган Диснейленд ишин жандантат. Анын аймагына кирүү бардык санитардык талаптарды аткаруу менен ишке ашат. Кардарлар медициналык беткап кийип, социалдык аралыкты сактап жана антисептикалык каражатты колдонуп туруусу зарыл.

 

Ал эми парктын кызматкерлери Диснейленддин аймагын үзгүлтүксүз дезинфекциялайт.