Москвада ПЦР-тест үчүн айып салына баштады

Чет өлкөдөн келип, бирок ПЦР-тестинин жыйынтыгын бирдиктүү порталга жүктөбөгөн Москванын тургундарына 28 миллион рублден ашуун айып салынды. Бул туурасында Роспотребнадзордун шаардык башкармалыгынын сайтында жазылган.
Белгилей кетсек, башка өлкөгө чыгып келген Россиянын жарандары үч күндүн ичинде COVID-19га карата ПЦР-тест тапшырып, алынган маалыматты Мамлекеттик жана муниципалдык бирдиктүү порталга жүктөшү шарт. Ошондой эле жыйынтыгы чыкканга чейин обочолонуу режимин сактоо талап кылынат. Вакцина алгандыгы тууралуу тастыктамасы барлардан же соңку алты айдын ичинде ооруп айыккандардан ПЦР-тест суралбайт.
«2020-жылдын 1-августунан бери Роспотребнадзордун Москва шаары боюнча башкармалыгы 9 781 жаранга административдик укук бузуу боюнча протокол толтурууга кабарлама жиберди. Алар чет өлкөдөн келип, бирок тест тапшырган эмес. Соттук иштердин натыйжасында 2 234 адамга 28 миллион 155 миң 500 рубль өлчөмүндө айып салынды. Калган иштер боюнча сот процесстери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Аталган берене менен Россиянын жарандары 40 миң рублге чейинки айып пул менен административдик жоопко тартылат. Эгер ал башка адамдын ооруп калышына себепчи болсо, 150 миңден 300 миң рублге чейин айыпка жыгылат.