Москвада жана Москва облусунда 14-августтан тартып таксисттер жаңы система менен
иштеп баштайт. Москва бийлиги КИС «АРТ» системасы менен жол кырсыктарын азайтуу ниетинде.
Бул система айдоочулук стажын текшерет, ал 3 жылдан кем эмес болушу шарт. Андан тышкары,
төлөнбөгөн айыбы барлар жана оор кылмыш жасаган айдоочунун соттолгон-соттолбогону аныкталат.
Ошондой эле таксист бир жумада 40 сааттан ашык иштебейт. Ашып кетсе, агрегатор айдоочуга
автоматтык түрдө буюртма жибербейт. Учурда жаңы системага таксисттердин
90 пайызы же 60 миң айдоочу катталды.