Мугалимдер футбол боюнча машыктыруучулук окуудан өтүшөт

Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы мектептердин дене тарбия мугалимдери футбол боюнча машыктыруучулук окуудан өтүшөт.

Кыргызстандын футбол союзунан билдиришкендей, долбоор февраль айында башталат.

Биринчи этапта 60 мугалим катышат.

Келечекте алар менен 30 миңге жакын бала окуйт деп күтүлүүдө.

Долбоор Азия футбол конфедерациясынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.