Төө-Ашуудагы туннелде жаңы жарыктандыруу пайда болот

Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу туннелинде жаңы жарыктандыруу пайда болот.

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Мындан тышкары, жол кызматтарына быйыл жазында тоннелдин ичиндеги трассаны асфальттоо тапшырмасы коюлду.

Белгилеп кетсек, аталган объект стратегиялык мааниге ээ.

Ал Кыргызстандын түндүк менен түштүгүн бириктирет.