Кембриж университетинде онлайн окуу кийинки жылы да уланат

Коронавирус пандемиясынан улам Улуу Британиядагы атактуу Кембриж университетинде онлайн билим берүү 2021-жылдын жайына чейин улана турган болду. Дүйнөдөгү эң байыркы жана кадыр-барктуу университеттердин бири мындай чечимин шейшембинин кечинде жарыялады.

 

«Социалдык обочолонуу эрежесин сактоо талабы улана берчүдөй болуп турган шартта университет кийинки академиялык жылда жүзмө-жүз лекциялар болбойт деген чечимге келди. Лекциялар онлайн түрүндө уланат», — деп айтылат билдирүүдө.

 

Кембриж университети быйыл март айында Британияда коронавирус күч алган учурда лекцияларды токтотуп, студенттерге онлайн режимде билим берүүгө өткөн. Аталган университет кийинки жылы чакан топторго эрежелерди сактоо талабы менен окуу жайга келүүгө мүмкүнчүлүк берилерин билдирди.

 

Дүйнөлүк экономикалык форум пандемия билим берүү тармагын толугу менен өзгөртүшү мүмкүндүгүн билдирген. Анын маалыматына ылайык, дүйнөдө коронавирус 1,5 миллиарддай мектеп окуучуларына, жогорку окуу жайлардын студенттерине жана бала бакчага баргандарга таасирин тийгизди.