Нарын облусунда базарлардын ишине чектөөлөр киргизилди

Нарын облусунда базарлардын ишине чектөөлөр киргизилди. Өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдиргендей,  эми соода аймактары күндүзгү саат 4кө чейин эле иштейт.

 

Мындай чечимди жергиликтүү бийлик базарларда эл көп чогулгандыктан кабыл алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери облустагы бардык базарларда дезинфекциялык иштерди жүргүзүүдө.