Нөшөрлөгөн жаандан улам Ысык-Көл районунда катуу сел жүрдү

Нөшөрлөгөн жаандан улам Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айыл аймагынын Бактуу-Долоноту айылында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бүгүн түшкү саат 12лер чамасында кокту-колоттордон келген сел суулары турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорду каптаган. Жерине тиешелүү техникалар тартылып, учурда селдин кесепеттерин жоюу иши башталды.

 

Эске салсак, бир күн мурун синоптиктер аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү тараткан. Ага ылайык, бүгүнтөн тарта 22-сентябрга чейин Кыргызстанда суук түшүп, айрым жерлерде жаан катуу жаайт, тоолордо кар жаашы күтүлөт.