Кыргызстандын түштүгүндө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Силкинүү бүгүн, таңкы саат 4 жарымдар чамасында болгонун Сейсмология инситутунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жердин титирөөсү Шоро-Башат, Таштак айылдарында 4 баллга жетти.
Мындан тышкары, Өзгөн районунун бир нече айылдарында, Сузак, Токтогул, райондорунда жана Өзгөн, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында да силкинүү сезилди.