“Тазалык” кышка даярдык көрө баштады

“Тазалык” кышка даярдык көрө баштады. Муниципалдык ишкана көчөлөргө жана тротуарларга себүү үчүн техникалык туздун запасын камдап койду. Жалпысынан, келе жаткан кышкы сезонго 6,5 тонна туз даярдалат.

 

Унаа жүргөн жолдорду кардан 26 атайын техника тазалап турат. Эске салсак, адатта күзгү-кышкы сезондук жыйнап-тазалоо 1-ноябрда башталып, марттын башында аяктайт.