Бишкектин четинде Борбордук Азиядагы эң ири эс алуу аймагы пайда болот. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Елена Калашникова билдирди.
Анын айтымында, идеяны министрлер кабинети жактырды. Комплекске азырынча “Оору-Сай” жумушчу аталышы берилди. Бул аркан жолдору жана лыжа трасалары менен эл аралык класстагы эс алуу аймагы болот. Ал кышында дагы, жайында дагы эс алуучуларды кабыл ала алат.