Нарын районунун Миң-Булак айылында социалдык комплекс пайда болот.
Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, Арал-Там аймагынан
3 гектардан ашык жер бөлүнүп берилди. Комплекстин карамагында 120 орундуу мектеп,
50 орундуу бала бакча, мечит, фельдшердик-акушердик түйүн жана ашкана курулат.
Долбоорду ишке ашыруунун жалпы суммасы 35 миллион сом. Каражатты чет элдик
донор бөлүп берет. Ал эми социалдык объектилердин айлана-чөйрөсүн
жашылдандыруу, коруу, суу менен камсыздоо айыл өкмөтү тарабынан ишке ашат.