Бишкекте январь айында муз скульптураларынын көргөзмөсү өтөт.
Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Көргөзмө 5-январдан 13үнө чейин ордо калаада болот.
Катышуучуларга чектөөлөр жок. Алдыңкы орун алгандарга
акчалай сыйлык 70 миң сомго чейин ыйгарылат. Ошондой эле
катышуучуларга да жаңы жылдык белектер тапшырылмакчы.
Арыз менен эскиздер 5-январга чейин кабыл алынат, — дешти муниципалитеттен.