Коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 11 миллион 300 миң сом чогулду

Коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 11 миллион 300 миң сом чогулду. Республикалык штабдан билдиришкендей, учурга карата чогулган акча эч кайда жумшала элек.

 

Топтолгон каржатты кимдер которгону жөнүндө айтылган жок. Чогулган каражатты натыйжалуу колдонуу, ачык-айкындуулукту камсыздоо үчүн комиссия түзүлөт. Ага парламент депутаттары, жарандык активисттер, коомдук ишмерлер кирет.