Кыргызстанда жүк ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирди

Кыргызстанда жүк ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирди. Эми жүк ташуучу унаанын уруксат берилген максималдуу салмагынан ашкан айдоочу 65 миң сомго чейин айыпка жыгылат.

 

Мыйзам бузууларга көзөмөл күчөтүүнүн негизги себеби катары жолдордун бузулушу аталды.

 

Унаа жана жолдор министрлиги белгилегендей, ашыкча салмактуу унаалар үчүн айыптар жалпы пайдалануудагы асфальт жолдорго гана тиешелүү болот.