Нур-Султан-Бишкек-Нур-Султан аба каттамы бүгүн жанданды. Бул тууралуу novosti.kgге “Манас” эл аралык аэрпортунун басма-сөз кызматынан билдиришти.
Белгилеп кетсек, учактар эки шаар ортосунда жумасына эки жолу каттайт. Ал эми Алматы-Бишкек рейси качан калыбына келери азырынча белгисиз.
Эске салсак, коңшу мамлекет менен болгон каттамдар январдын башында Казакстанда орун алган тополоңдордон бери токтоп турган.